Ажылык – 2025: Муфтияттын алдындагы Убактылуу республикалык штаб өз ишин баштады

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдында ажылыкты уюштуруу боюнча 25 кишиден турган убактылуу республикалык штаб (УРШ) алгачкы кеңешмесин өткөрдү. Жыйынды Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров ачып, ажылыкты уюштуруу жоопкерчиликтүү иш экенин баса белгиледи.

“Жараткан Алла Таала тарабынан берилген аманат ишти аркалап жаткандыктан, зор ыклас жана кесипкөйлүк менен иштеңиздер. Конкурстар максималдык түрдө адилеттүү өтүлсүн. Тааныш-билиш, «бармак басты, көз кыстыга» жол берилбесин», – деди КМДБ жетекчиси.

Жыйында конкурстардын мөөнөттөрү жана электрондук каттоо талаптары талкууланды.