ЖАРЫЯ! Муфтият авиакомпаниялар ортосунда конкурс жарыялайт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2024-жылдын 20-сентябрынан 18-октябрь, саат 17:00 гө чейин авиакомпаниялар ортосунда конкурс жарыялайт.

Авиакомпанияларга коюлган негизги талаптар:

  1. САПтын эрежелерине жооп берген авиа ташуучунун тиешелүү лицензияларынын, сертификаттарынын болушу жана жерде тейлөө жөнүндө колдонуудагы макулдашуулар, Аба кеменин (мындан ары АК) АК камсыздандыруу жөнүндө сертификаттары, АКны реестриде каттоо жөнүндө күбөлүк, ар бир АКнын тибинин жана учууга жарактуулугу боюнча сертификаты, жүргүнчүнүн, багаждын, үчүнчү жактардын алдындагы жоопкерчиликти камсыздандыруу ж.б.).
  2. Авиакомпаниянын Бишкек жана Ош шаарларынан Жидда жана Мадинага шаарларына түз рейстерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгү (САПтын эрежелерине жооп берген (авиакомпаниянын балансында, б.а. менчикте турган АК) учууларды жүзөгө ашыруу үчүн бардык уруксаттар бар болушу зарыл).
  3. Катталган мамлекеттин, техникалык мүнөздөмөсүн, учактын тибин, көрсөтүлгөн маршруттар боюнча учууларды ишке ашыруучу сыйымдуулугун көрсөтүү менен пайдаланууга жарактуу төрт аба кемеден кем эмес болушу (колдонуудагы сертификаттар, күбөлүктөр ж.б.).
  4. Бир зыяратчыга эки тарапка авиабилеттин баасын көрсөтүү (Прайс-лист).
  5. САПтын Жарандык Авиация департаменти тарабынан бекитилген 2024-жылдын 15-ноябрына чейин эки тарапка тең слоту (учуулардын графигин) берүү.
  6. 2025-жылдын 20-майынан 2025-жылдын 30-майына чейин САПтын (Жидда жана Мадина шаарларында) слотунун болушу. (Ажылардын жалпы саны — 6060 адам). Авиакомпания КРдан САПга бардык зыяратчыларды 10 (он) күндүн ичинде, 2025-жылдын 20-майынан 2025-жылдын 30-майына чейин жеткирүүгө, САПтан КРге 10 (он) күндүн ичинде алып келүүгө тийиш.
  7. Ажыга баруучулар үчүн акысыз жүктүн нормалары 30 (отуз) кг багаж, 10 (он) кг кол жүк жана 5 литр ыйык зам-зам суусу болушу керек.
  8. Ажыга баруучулар үчүн 2-5 куб.м. (200-300 кг) көлөмдөгү дары-дармектерди акысыз ташууну камсыз кылуу.
  9. КМДБнын уюштуруу штабынын мүчөлөрү, ажы-башчылар үчүн акысыз билеттерди берүү (ажыларды ташуу мезгилинде).
  10. Түз чартердик жана регулярдуу рейстер менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш тажрыйбасынын болуусу.
  11. Учактын бортунда ажыга баруучуларды адал (халал) стандартындагы ысык тамак менен камсыздоо.
  12. Ажыга баруучулар Кыргызстандан САПка жана кайра келүү графиги боюнча учуп бара жаткан учурда Жидда жана Мадина шаарларынын аэропортторунда авиакомпаниянын өкүлүнүн болушу.
  13. Юридикалык жактын уюштуруу документтери (документтердин толук пакети, анын ичинде устав, юридикалык жактын катталгандыгын күбөлөндүрүүчү документ), Конкурска катышууга арыз берген жактын (өкүлдүн) ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер.
  14. Чет өлкөлүк авиакомпаниялар үчүн милдеттүү талап: Бишкек шаарында расмий өкүлдүн болуусу. Бишкек шаарындагы чет өлкөлүк авиакомпаниялардын расмий өкүлү конкурста жеңип чыккан учурда, ажылык сапарга баруу мезгилинде үзгүлтүксүз штаттык режимде иштөөгө жана муфтияттын ыйгарым укуктуу кызматкерлери менен 24 саат байланышта болууга тийиш.
  15. Юридикалык жактын (авиакомпаниянын жана анын кызыкчылыгын билдирген юридикалык жактын) салык жана социалдык эсептөөлөр боюнча карызынын жоктугун тастыктоочу документтер.
  16. Эл аралык стандарттарга жана ташуу эрежелерине ылайык келген АК, кеминде 45 адамдан турган топторду бөлбөстөн бортто отургузууга тийиш. Авиакомпания бир күндө кеминде 600 (алты жүз) жүргүнчүнү ташуусу керек.
  17. Авиакомпаниялар тарабынан берилүүчү документтер милдеттүү түрдө мамлекеттик же расмий тилде болууга жана атайын конверттерге салынып, мөөр басылып бекитилүүгө тийиш (документ чет тилден которулган учурда, документтин берилген котормосун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүсү зарыл. Документтин түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү чогу берилет).
  18. Конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлгөн келишимдин жалпы суммадан төмөнкү тартипте төлөнөт: Келишим түзүлгөн учурда 5%; жана 45% Авиаташуучу эки тарапка тең слотту (учуу графигин) бергенден кийин жана электрондук базага (МАСАР) муфтиятты каттоо (кирүү мүмкүндүгүн алуу) менен; 45% биринчи рейске 30 күн калганда. Ал эми 5% САПтан зыяратчылардын акыркы рейс келгенден кийин бир жуманын ичинде төлөнүп берилет.
  19. Конкурстун жеңүүчүсү менен ташуу жөнүндө келишимге кол коюда авиакомпаниянын башкы өкүлүнүн милдеттүү түрдө катышуусу зарыл.
  20. Авиаташуучу пассажир жөнүндө алынган маалыматтын купуялуулугун камсыздайт, үчүнчү жактарга тийиштүү расмий каттардын негизинде жана колдонуудагы мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык берилет.
  21. Муфтият ажыларды жана алардын жүктөрүн ташуу авиабилеттерди брондоо үчүн келишим жана авиакомпаниянын счет-фактурасы боюнча гана авиякомпанияга төлөйт. Калган бардык милдеттүү төлөмдөрдү жана салыктарды авиакомпания өзү (конкурстун жеңүүчүсү) жүргүзөт.
  22. Тараптардын келишим боюнча мамилелерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулууга тийиш. Талаш-тартыштарды же пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болбогон учурда алар Кыргыз Республикасындагы сотто чечилүүгө тийиш.
  23. Авиаташуучу жогоруда көрсөтүлгөн бардык пункттар менен макулдук (кабыл алуу) жөнүндө кепилдик катты берет жана муфтияттын талаптарына жана кызыкчылыктарына жооп берген ташуу келишимин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө макулдашуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого милдеттенет.

 

Кененирээк маалымат алуу үчүн КМДБнын  төмөнкү дарегине кайрылса болот.

Бишкек ш, Жибек-Жолу көчөсү, 264/3.

Тел: 0778486167 / 0708486167

Эл-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

 

Документтерди кабыл алуу: 2024-жылдын 20-сентябрдан 18-октябрь, саат 17:00 гө чейин.

Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.

 

Тандоо иш-чарасы өтө турган күн:

2024-жылдын 22-октябрь күнү саат 10:00 дө.