Үстүбүздөгү жылдын 17-19-20-сентябрь күндөрү Ош облусунун аймагындагы Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Кара-Кулжа, Чоң-Алай жана Араван райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залдарында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №412 сандуу жарлыгы менен бекитилген «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын» ошондой эле, «2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын» ишке ашыруу максатында, Ош ОИИБ, Ош облусунун прокуратурасы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмү жана Ош облустук казыяты менен биргеликте иштеп чыгарылган төрт тараптуу иш-пландын негизинде жыйындар болуп өттү.
Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп директорлору, медициналык кызматкерлер, активисттер, айыл башчылар, жаштар коому, дин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйында катышуучуларга экстремизмдин алдын алуу боюнча даярдалган маалыматтар берилип, учурда коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан диний чөйрөдөгү мыйзам долбоору боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эскерте кетсек, мекемелер аралык иш-пландын негизинде өткөрүлүп жаткан жыйын кийинки аптада Ноокат райондук администрациясынын жыйындар залында өткөрүлмөкчү.