Ош облусунда республикалык Куран жарышына баруучулар аныкталды

Кечээ, 22-сентябрь күнү 25 жашка чейинки мырзалар арасында өтүүчү республикалык Куран жарышына Ош облусунан баруучуларды аныктоо үчүн тандоо туру өткөрүлдү.

Тандоо турунда жалпысынан 40 кары жолдомо алуу үчүн ат салышты.

Натыйжада Абдусами кары Бегмуратов, Толкун кары Камбаров жана Абдумалик кары Ташматовдордон турган калыс тобунун чечими менен төмөнкү карылар Ош облусунан атынан республикалык Куран жарышына баруу үчүн жолдомо алышты.

— 30 пара боюнча – Абдурахимов Розибай;

— 20 пара боюнча – Мухаммеджанов Мухаммадиёр;

— 10 пара боюнча – Хашимов Абдурахман;

— Кооз окуу боюнча – Сайдамир уулу Оятилло.

Жыйынтыгында Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев жалпы катышуучулардын окууларына, иштерине ийгилик каалап, өз насааттарын айтып, 1-2-3 орунду ээлегендер үчүн казыят тарабынан акчалай сыйлык жана сертификаттарды тапшырды.

«Ар бир тамгасы сооп болгон Куранды жатка билүү ар кимге эле насип боло бербейт. Куран жаттаган карылар ар дайым кайталап, жаттаганын бекемдеп жүрүүсүнө себеп болсун деп өлкөбүздө жыл сайын Куран жарыштары уюштурулат. Алла Таала даражаңарды бийик кылып, Ислам динине кызмат кылууга күч-кубат берсин. Жеңүүчүлөр жана жалпы катышуучулардын окууларында, иштеринде ийгиликтер болсун. Баарыныздарга ыраазычылык билдиребиз», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.