Кечээ, 22-сентябрда Жалал-Абад шаарынын «Достук» аймактык башкармалыгында үч миң орундуу мечит ачылды. Ачылуу аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Бүткүл дүйнөлүк Ислам жаштары ассамблеясынын Кыргызстандагы өкүлү, «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун башчысы Саид Баюми жана шаар тургундары катышты.
Саамалыкта Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов, шаар мэри Эрнисбек Ормоковдор мечиттин курулушун каржылаган Бүткүл дүйнөлүк Ислам жаштары ассамблеясынын Кыргызстандагы өкүлү, «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун башчысы Саид Баюмиге, каржылык жактан колдоо көрсөткөн жеке ишкерлерге, демөөрчүлөргө жылуу сөздөрүн айтышып, ыраазычылык каттар менен сыйлап, белектерди тартуулашты.
Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков “Достук” жума мечити 2004-жылы Саид Баюминин колдоосу менен 800 орунга ылайыкташып курулгандыгын, эми мынтип 3000 орундуу заманбап, төрт кабаттан турган жаркыраган мечитке айлангандыгын айтып буларга токтолду.
«Арадан билинбей 20 жыл өтүптүр. Бул аралыкта мечитибиздин жамааты көбөйүп, мечитти чоңойтуу зарылчылыгы пайда болду. Жергиликтүү жамаат менен кеңешип бир топ аракеттерди жасадык. Соңунда Аллахым жамаатка, сиз менен бизге мына ушундай заманбап мечитти насип кылды. Бул үчүн Жаратканга чексиз-чексиз шүгүрлөрдү айтабыз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кереметтүү хадисинде, “Пендеге ыраазылык билдире албаган, Жаратканга ыраазычылык айта албайт” деген. Ошондуктан мечитибизди кайра курууга колдоо көрсөткөн, досубуз Саид Баюмиге, жеке ишкер инилерибиз Алмаз менен Бектурсунга, мындан сырткары ушул мечиттин дааратканасын курууга каржысын бөлгөн Абдулхаким аш-Шуъайбийге жана аты аталган, аталбай калган берешен бир туугандарыбыздын баарына ыраазычылык айтабыз. Аллах Таалам ар бириңиздердин өмүрүңүздөргө жана ырыскыңыздарга түгөнбөс береке берсин. Жаңы курулган мечитибиз кылымдар боюу кызмат кылсын».