Эмирлан ажы Бообеков: «Колдон келишинче динибиздин баалуулуктарын жеткирүүгө аракеттенели»

Ош облусуна караштуу Алай районунун борбордук «Марифкан уулу Жолборскан төрө ажы» атындагы Гүлчө мечитинде 1989-жылкы жергиликтүү жигиттер тарабынан кошумча имарат курула баштады.

Эмирлан ажы Бообеков курулуш иштеринин жүрүшү боюнча жеринен таанышып, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, кайрымдуулуктун пазилеттери тууралуу баяндама жасады.

«Ынтымак – мүрөк суусундай, ызы-чуу – жыландын уусундай» демекчи, ар дайым ынтымактуу жашап, жакшы иштерди аткара берели. Өзгөчө 1989-жылкы агаларыбыз ынтымакташып, мечитке кошумча эки бөлмөлүү имарат салып жатса, 1998-жылкы инилерибиз мечит жамааты үчүн атайын сөрү орнотуп беришти. «Биз да жакшылык иштерге салым кошуп калалы, башкаларга да үлгү болсун» деген жакшы ниет менен жергиликтүү жамааттан төрт адамга хатибият тарабынан велосипед белек кылдык. Албетте жакшылык иштер үзгүлтүксүз уланып туруусу үчүн элди ынтымакка, биримдикке жана достукка чакырып, колдон келгенче динибиздин баалуулуктарын жеткирүүгө аракеттенебиз», – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.