“Муъаз ибн Жабал” медресесинде “Улут болсом – тилим менен улутмун” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 23-сентябрь – мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата Баткен шаарындагы “Муъаз ибн Жабал” атындагы медресенин кыздар бөлүмү тарабынан жарыяланган 3 айлыктын алкагында “Улут болсом – тилим менен улутмун” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Кыргыз тилин даңазалоо жана өнүктүрүүгө салым кошуу максатында уюштурулган  иш-чарага медресе мугалимдери жана студенттер катышты.

Иш-чарада кыргыз тилин даңазалаган ырлар көркөм окулуп, сахналаштырылган көрүнүштөр менен коштолду. Ал эми мугалимдер тарабынан кыргыз тили тууралуу бир катар маалыматтар айтылды.

“Бүгүнкү иш-чара Аалымдар кеңешинин № 03-04 токтомдорун жана Азирети Муфтийдин буйруктарын аткаруу максатында, ошондой эле мамлекеттик тили майрамынын 35 жылдыгына арналды. Пайгамбарыбыз (с.а. в.) өз хадисинде “Мекенди сүйүү ыймандан” деген. Албетте мусулман болгонубуздан кийин Мекенибизди сүйүшүбүз керек. Мекенди сүйүү сөз менен эмес, иш жүзүндө болот. Мекендин тилин сүйүү да ошого кирет. Аны өнүктүрүү бизден милдет. Буйруса тилибиздин өнүгүүсүнө арналган иш-чаралар уланат”, – дейт медресе мүдүрү Султанмурат ажы Исраев.