Талас облусунун аймагындагы ДОЖ мугалимдерине семинар-тренинг өткөрүлдү

КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар ажы Хаджибеков Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында ДОЖ мугалимдерине окутуунун методикалары жана иш кагаздар менен иштөө боюнча семинар-тренинг өттү.

Семинардын жүрүшүндө төмөнкү маселелер өзгөчө каралып, тапшырмалар берилди:

— Мамлекеттик тилди өнүктүрүү;

— Ханафий мазхабын жана Матуриди акыйдасын жайылтуу;

— Диний билим берүүнү санариптештирүү;

— Окутуунун сапатын жакшыртуу;

— Мамлекеттик, коомдук күч түзүмдөрү, жеригиликтүү бийлик органдары жана КМДБ менен алака түзүү;

— Семинар, тегерек столдорду уюштуруу жана активдүү катышуу;

— Спорттук мелдештерди уюштуруу;

— Куран жарышы жана интеллектуалдык таймаштарды өткөрүү;

— ДОЖдордо өткөрүлгөн иш-чараларды массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруу.

Семинарды облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев ачып берип, төмөнкүлөргө токтолду: «Урматтуу коноктор жана ДОЖ мугалимдери! Кыргызстан мусулмандарынын Диний башкармалыгы Диний билим берүү жаатында алгылыктуу иштерди кылып жаткандыгы көрүнүп турат. Тактап айтсак, ДОЖдор үчүн бирдиктүү тайпалык журналдар түзүлүп, Кыргызстан боюнча диний мекемелерге таратылып берилди. Анын ичинде Талас облусундагы медреселер да журнал менен толук камсыздалды. Жараткан мындан аркы иштерине ийгилик берсин», – деп билдирди.

«Урматтуу ДОЖ мугалимдери! Азыркы заман  талабына ылайык, диний билим берүү жаатында  заманбап окутуу методдору менен иш алып баруу зарыл. Себеби азыркы учур ушул нерсени талап кылат. Диний билим менен биргеликте кесиптик окууларды да кошуубуз керек. Медресе студенттеринин дипломдору бардык жумушка, башка өлкөлөрдө да жарай тургандай кылышыбыз керек. Ошондой эле ДОЖ мугалимдеринин ичинен мыкты мугалим, устаздардын окутуу методдорун да жайылтуу керек. Андыктан диний билим берүү жаатында бирдиктүү системага түшүп, мыкты сапатка иштегендин аракетин кылыңыздар!» – деп билдирди КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар ады Хаджибеков.

Семинардын соңунда ДОЖ мугалимдери уюштурулган семинар үчүн Абдиназар ажы Хаджибековго ыраазычылык билдирип, иш-чара пайдалуу жана жемиштүү болгонун баса белгилешти.

Айта кетсек, КМДБ жетекчисинин 40 кадамдан турган стратегиялык иш планында диний билим берүүнү өркүндөтүү, дин илимдеринин методологиясын күчтөндүрүү, студенттерге матуридилик акыйдасын жеткилең үйрөтүү, илимий-академиялык потенциалды көтөрүү, диний окуулуктарды түзүү, классикалык ислам адабияттарын которуу, республикалык деңгээлде студенттик илимий талкуу, конференция, симпозиумдарды өткөрүү, студенттик клубдарды түзүү, ДОЖдор аралык спорттук мелдештерди өткөрүү (универсиада), КМДБнын тутумундагы ДОЖдорду санариптештирүү ж.б. мерчемделген.