Ажылык-2025: Сауд Араб Падышалыгы Кыргызстанга 6000 квота бөлдү

Сауд Араб Падышалыгынын (САП) ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык зыяраты үчүн Кыргызстанга 6000 квота бөлдү. Учурда ажылык сапарын уюштуруу боюнча атайын штаб түзүлүп, кызуу иш алып барууда.