Бишкекте Муфтияттын демилгеси менен IV эл аралык республикалык Куран жарышы өтүүдө

Бүгүн, 25-сентябрь күнү борбор калаадагы «Имам Сарахсий» башкы мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын уюштуруусу менен IV эл аралык Куран жарышы өтүп жатат. Жалпы 27 өлкөдөн келген карылардын сынагында Шейх Ахмад ал-Миъсоровий, Шейх Мухаммад Яхья ат-Тахир, Шейх Абдуссалам аль-Мажидий, Шейх Хасан Мухаммад Солих жана Асылбек кары Таштемировдор калыстык кылышууда.

Эл аралык Куран саамалагын Азирети Муфтийдин орун басары Мухаммад ажы Аноркулов ачып, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун саламын жеткирди. Ал өз сөзүндө Куран жаттоонун жана Куранга ылайык жашоонун пазилеттери боюнча токтолуп, жалпы конкурсанттарга ийгиликтерди каалады.

Айта кетсек, бүгүн башталган эл аралык Куран жарышы 27-сентябрь күнү аталган мечитте жыйынтыкталмакчы.