Баткен: КР ДИМК өкүлдөрүнүн катышуусунда облустагы диний абал талкууланды

Баткен облустук казыятынын жыйындарынын залында казыят жана райондун баш имам хатибдеринин катышуусунда жыйын өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун директору Шукур Шерматов жана ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов катышты.

Жыйында аймактагы диний кырдаал, 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын аткарылышы, кызматташтык иш аракеттерди жакшыртуу, сунушталып жаткан «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер» долбоору боюнча талкуу өтүп, маалымат алмашуу болуп, сунуштар айтылды.

“Казыяттын алдындагы негизги максаттардын бири калайыкка диний кызмат көрсөтүү, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруугакатышуу болуп саналат. Ушул багытта Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин токтомдорун, Азирети Муфтийдин буйруктарын аткаруу менен облус аймагында диний баалуулуктар боюнча элибизге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сиздер менен биргеликте терс диний агымдардын алдын алууда бардык аракеттерди көрүүгө даярбыз», – деди казыят кызматкери Фуркат Авлиёев жыйында.