Дастан ажы Мамаев Кара-Кулжа районунун акими менен жолугушту

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондун акими Дамир Кулубаев менен жолугушту.

Жолугушууда Дастан ажы Мамаев Ош облустук казыяты, Ош облустук администрациясы менен макулдашып, райондордо жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүү графиги түзүлгөндүгүн, 20-ноябрь күнү Кара-Кулжа районунда өтө тургандыгы боюнча маалымат берди.

Ага карата Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев казыяттын райондордо жергиликтүү эл менен жолугушуулары тууралуу облустук администрация тарабынан билдирилгендигин айтып, ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Айта кетсек, жергиликтүү эл менен жолугушууларда КР Президентинин жарлыктарын, КМДБ тарабынан берилген тапшырмаларды, Аалымдар Кеңешинин фатва-токтомдорун аткаруу сыяктуу зарыл маселелер боюнча баяндамалар жасалат.