Талас: Имамдардын квалификациялык билим деңгээлин жогорулатууга багытталган окутуу старт алды

Талас облусунун аймагындагы жалпы мечит имамдарынын квалификациялык билим деңгээлин жогорулатуу максатында беш айлык окуу башталды. Аталган сабактар Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен макулдашылып, уюштурулууда. Сабактар жумасына бир ирет болуп, диний жогорку билимдүү, дасыккан устаздар тарабынан өтүлмөкчү.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев: «Азыр биз үчүн эки дүйнөгө тең пайдалуу боло турган сабактарыбызды баштоо алдында турабыз. Былтыркы жылы төрт ай үзгүлтүксүз сабактар өтүлгөн. Ал эми быйылкы жылы беш ай толугу менен сабактар өтүлөт. Андыктан баарыбыз активдүү катышууга аракет кылалы. Имам илимдүү, билимдүү болуусу зарыл. Себеби эл менен аралашып иштешет. Эл ичинде ар кандай суроолор, ар кандай маселелер жаралышы мүмкүн. Ошол учурда жеткиликтүү, так, даана жооп берип, маселени жеринде чечкенди билиши керек. Ошол себептүү илим алуу керек. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Илим алуу ар бир мусулман адамга парз» деп айткан. Андыктан эл менен иштеп жаткандан кийин, ушул сабактарды калтырбай, илим алгандын аракетин кылалы. Буюрса бул сабактар беш ай бою уланмакчы!», – деп билдирди.

Имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулуп жаткан сабактар Куран, фикх, акыйда жана мурас илимдеринен өтүлүп, суроо-жооптор менен коштолмокчу.

Сабактар Талас жана Бакай-Ата районунун имамдарына облустук казыяттын кеңсесинде өткөрүлсө, Айтматов жана Манас районунун имамдарына Айтматов районундагы «Ансор» мечитинде уюштурулат.