КИУда спорт жумалыгы башталды

Кечээ, 30-сентябрь күнү Кыргызстан Ислам университетинде спорт жумалыгы башталды.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Күчтүү мусулман алсыз мусулманга караганда жакшы жана Аллага сүйкүмдүүрөөк», – деп айткан. Албетте спорт менен машыгуу өзүн жана өзгөлөрдү коргоо үчүн мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, көбүрөөк ибадат кылуу менен такыбалык жолун жолдоо мүмкүн.

«Адамдар баркына жетпеген эки жакшылык бар. Алар ден соолук жана бош убакыт» деп айтылган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өзү да жакшы көрүп аткарган жана башкаларга да сунуш кылган ат чабыш, жаа атуу, күрөш, сууда сүзүү жана чуркоо адамдын күч-кубатын ашырып, ден соолугун бекем кылат», – деп айтылат окуу жайдын маалымдамасында.

Айта кетсек, дүйшөмбү ж-а шейшемби күндөрү волейбол боюнча, ал эми шаршемби ж-а бейшемби кичи футбол боюнча тандап алуу оюндары өтсө, жума күнү спорттун ушул түрлөрү боюнча финалдык беттештер өтөт.