«Дордой Балыкчы» ишканасы муфтияттын «халал» сертификатын алды

КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу Ысык-Көл облусундагы «Дордой Балыкчы» ишканасын зыярат кылып, жетекчиси Марат Зарыпбек уулу менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуудан соң бөлүм башчы ишкананы текшерип, кызматкерлерине атайын семинар уюштуруп, ислам дининде мал союунун жол-жобосу, адеби, адал азык-түлүктүн фикхий жагы, мааниси, талаптары жөнүндө сабак өттү.

«Динибиз адам баласын урматтагандыктан, ага түздөн-түз же кыйыр түрдө зыян жеткирүүчү азык-түлүктөрдү жегенге тыюу салат. Арам азык дилди карайтып, ыйманды алсыратат. Алладан алыстатып, зыянга кириптер кылат», – деди ал өз лекциясында.

«Дордой Балыкчы» ишканасынын жетекчилиги шарияттын адал стандарттарын сактоо жана жарандарды адал продукция менен камсыздоо маанилүү экенин айтып, муфтияттын «халал» сертификатын алды.

Айта кетсек, аталган ишкана заманбап жабдуулар менен жабылып, күнүнө жүздөй бодо мал, миңдей майда мал союлат.