Ноокенде имамдарга “Ханафи мазхабын жайылтууда имамдардын орду” аталышындагы жыйын өттү

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда имамдарга “Ханафи мазхабын жайылтууда имамдардын орду” аттуу жыйын уюштурулду. Жыйын Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында болуп, ага Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Жайнак Немат уулу, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Ноокен РИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкери Максатбек Полотов, УКМКнын райондук бөлүмүнөн Омурбек Жумабаев, райондук этностор аралык мамилелер боюнча өкүлү Каныбек Камбаралиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана жергиликтүү имамдар катышты.

Саамалыкта ар бир тармак адистери өздөрүнө тиешелүү милдеттенмелер жөнүндө айтып, Ханафи мазхабын жайылтууда имамдардын орду” туурасында ойлорун ортого салышты. Облус казысы райондун аймагында КР Президентинин №54 жарлыгын ишке ашырууда жана мечиттердин эсептик каттоосу боюнча аткаруу бийлиги тарабынан да колдоо зарыл экендигин, антпесе имамдар жалгыз иш алып барганда жакшы натыйжа болбостугун айтып, райондун акимине кайрылды.

Соңунда Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Жайнак Немат уулу жыйында айтылган пикирлерди эске алуу менен болуп жаткан кемчиликтерди жоюуда жергиликтүү бийлик менен райондук хатибият дагы да жакындан иш жүргүзүп, жакшы натыйжа болорун убадалады.