Астана: Түрк мамлекеттер уюмунун Муфтийлер Кеңешинин V жыйыны башталды

Бүгүн, 3-октябрь күнү Астанада Түрк мамлекеттеринин Муфтийлер кеңешинин кезектеги  жыйыны башталды. Жыйынга Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Ноорузбай ажы Таган уулу, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Түркиянын дин иштери министри, проф., док. Али Эрбаш, Кавказ мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, шейхул-ислам Аллашүкүр Паша-Заде, Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы, шейх Нуриддин Халыкназар, Түрк мамлекеттери уюмунун баш катчысынын орун басары Мирвохид Азимов, дин аалымдары, имамдар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Кеңешмеде “Ислам жергиликтүү элдин салтын колдойт” жана “Фикх мектебинин фатва берүү боюнча жобосу” жөнүндө талкуу өтүп, боордош өлкөлөрдүн муфтийлери бирдиктүү фатва боюнча чечим кабыл алышты.

Кошумчалай кетсек, бүгүн “Кожо Ахмет Ясави жана анын руханий мурасы” деген темада эл аралык илимий-теориялык конференция өтөт.