«Кожо Ахмат Ясави жана анын руханий мурасы» аттуу Эл аралык илимий-теориялык конференция өз ишин жыйынтыктады

Астанада Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган » Кожо Ахмат Ясави жана анын руханий мурасы» аттуу Эл аралык илимий-теориялык конференция өз ишин жыйынтыктады. Конференциянын ишине РК Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев, Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Ноорузбай ажы Таган уулу, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Түркиянын дин иштери министри, проф., док. Али Эрбаш, Кавказ мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, шейхул-ислам Аллашүкүр Паша-Заде, Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы, шейх Нуриддин Халыкназар, Түрк мамлекеттери уюмунун баш катчысынын орун басары Мирвохид Азимов, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дин аалымдары, имамдар жана ММК өкүлдөрү катышты. Эл аралык илимий-теориялык конференциянын максаты-Түрк дүйнөсү тааныган, түрк элдеринин руханий феномени катары таанылган Кожо Ахмат Ясавинин мурасын изилдөө болуп саналат. Конференциянын алкагында ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштууларды издөөнү бир нукка буруу, ошондой эле инсандын даанышмандыгын жана осуяттарын эл аралык деңгээлде жайылтуу, жаш муунга мекенчил аң-сезимди сиңирүү, окуучуларды адеп-ахлакка, изгиликке үндөө сыяктуу бир катар маселелер каралып, атайын доклаттар окулду.
Эл аралык илимий-теориялык конференциянын алкагында ОшМУнун теалогия факультетинин доценти, теологиянын доктору (PhD) Ниязали ажы Арипов КМДБнын атынан “Кожо Ахмет Ясави жана анын сопулук жолу” аттуу докладын окуп, анын илимий чыгармачылык жолу боюнча баяндама жасаса, Түркиянын Дин иштери боюнча Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары, Ясавиолог доктор Фатих Мехмед Айдын “Кожо Ахмат Ясавинин Анадолунун исламдашуусуна тийгизген таасири” аталышындагы докладын окуду. Ал эми Азербайжандан келген Ясавиолог Жейхун Рустамов “Ясавинин ой системасы” аталышында баяндама жасап, кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүштү.