«Абу Ханифа» медресесинде «Улут наркы» аттуу атайын сабак уюштурулду

Кечээ, 3-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Абу Ханифа” медресеси тарабынан өлкө башчынын «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгы, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин токтому жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун буйругуна ылайык, «Улут наркы» атту тарбиялык сабагы уюштурулду.

Сабакты атайын конок катары чакырылган теолог Эрлан Жолдошов өтүп, Кыргыз элинин тарыхы, улут наркы тууралуу бир катар пайдалуу маалыматтарды айтып берди.

Уюштуруучулардын айтымында, тарбиялык сабактын максаты нарктуу руханий маданиятты сактоо жана өркүндөтүү, Кыргызстан тарыхы тууралуу билим берүү аркылуу келечек жаштарын Мекенди сүйүүгө тарбиялоо болуп саналат.