Ажылык – 2025: Саат 11:00 гө карата 3258 киши катталды

Бүгүн, 7-октябрь күнү өлкө аймагы боюнча 2025-жылдагы ажылыкка баруучуларды каттоо иштери старт алып, саат 11:00 гө карата 3258 киши баштапкы 2000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1200 сомун РСК банкына төлөдү.

Айта кетсек, 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди өлкө боюнча бир тизмеге (жандуу тизме / живая очередь) каттоо электрондук (Eid) ID-карт паспортунун негизинде бүгүн, 7-октябрда башталды. Талап боюнча каттоолор баштапкы 2000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1200 сомду РСК банкына төлөп, каалаган аймактык операторлорго (жашаган аймагына карабастан) КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга баштапкы 2000 АКШ долларынын жана кайтарымсыз 1200 сомдун квитанциясын жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага каттала алышпайт.

Эскертүү: САП тарабынан Кыргызстанга бөлүнгөн квота толору менен РСК банкынын филиалдарындагы ажылыкка каттоо токтотулат.

 

АЖЫГА БАРУУЧУЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

2025-жылдагы Ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук (Eid) же ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт.

Ажылык наркынын ичинен алдын ала баштапкы 2000 АКШ доллар РСК Банкына (ажылык-2025 счетуна) төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы.

Ажылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК Банкына (ажылык-2025 счетуна) төлөнгөн 1200 сом квитанциясынын түп нускасы.

Тышкы паспорту.

(электрондук (Eid) паспорт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл.)

(Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2025-жылы 31-декабрь айына чейин бүтүүсү жараксыз.)

Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт.

Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми башка эркек махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1980-жылы январь айында төрөлсө метирке же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат. Ал эми февраль айында төрөлсө документ түп нускасы талап кылынат.

(3х4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт.

(Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт).

(Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт.

(Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат).

2024-жылы октябрь айынан баштап алынган №086у формасындагы медициналык справка.

Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу.

(ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).

Келишимге кол коюу жана Ажылык базага киргизүү. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).

Ажыга баруучунун кийим размери жана жеке телефон номери, каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.

Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт. (2025-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).

Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга барган ар бир ажыга баруучуга тааныштырып, келишимге кол койдурат).

 

ЭСКЕРТҮҮ:

2025-жылы ажылыкка баруучу жарандар КМДБ тарабынан жарыяланган мөөнөттүн ичинде каттоодон өтүүгө тийиш. Андан кечиккен жарандар каттоого алынбайт.

Эгер төлөм учурунда ажылыкка берилген орундар (квоталар) толуп калса, РСК Банкына акча төгүү мөөнөтү токтотулат.

Жогорудагы талаптар өзгөртүлсө же кошумчаланса маалымдайбыз!

 

Өлкө боюнча ажылыкка каттоочу операторлор жана кураторлор

 

БАТКЕН ОБЛУСУ

1.Бердикулов Мурзабай -0777281018 / Баткен облусу боюнча (куратор)

2.Абдимиталип уулу Ибрахим -0770323101 / Лейлек р-ну, Сүлүктү шаары

3.Саитмуратов Данияр -0778137386 / Кадамжай району

4.Солтонбек уулу Бактияр-0225022796 / Кызыл-Кыя

5.Бердикулов Мурзабай -0703000872 / Баткен район жана шаары

 

ОШ ОБЛУСУ

6.Шерматов Сулейман -0558074307 / Ош облусу (куратор)

7.Бообеков Эмирлан -0778981196, 0558200096 / Алай району

8.Сидиков Максат -0557879515, 0227879515, 0703078855/ Араван району

9.Муратов Рахим -0704104953 / Кара-Кулжа району

10.Токоев Нурбек -0220381951 / Кара-Суу району

11.Жапаров Бекназар — 0774986262 / Ноокат району

12.Иминов Авазбек — 0220700000 / Өзгөн району

13.Саитов Апызбек -0770346423 Чоң-Алай району

 

ОШ ШААРЫ

14.Матиев Жанарбек -0778779633,  05550464 88 / Ош шаары

15.Мазаев Жаныбек -0505600096 / Ош шаары

 

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ

16.Мусулманкулов Канатбек / 0500906666 (куратор)

17.Нематила уулу Ажымухаммад-0777755551 / Жалал-Абад шаары, Тогуз- Торо району.

18.Мамат уулу Алыкул-0776210295 /  Аксы району

19.Бапанов Тынар / 0778556339 / Сузак району

20.Кадырбеков Мелисбек / 0559470950 / Ноокен, Токтогул району, К-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу- Суу шаары

21.Чыналиев Шумкарбек -0776723333  / Ала-Бука, Чаткал райондору

22.Абидинов Ашим -0550620032 / Базар-Коргон району боюнча

 

ТАЛАС ОБЛУСУ

23.Кадыралиев Замирбек -0709009299

 

БИШКЕК ШААРЫ

24.Сайпидинов Уланбек -0220013221, 0708968160

 

НАРЫН ОБЛУСУ

25.Уметов Эрнис -0707669161

 

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ

26.Соноев Талгат -0704131444

 

ЧҮЙ ОБЛУСУ

27.Абытов Азатбек -0505447766 (куратор)

28.Азимбай уулу Шергазы-0556022092 / Сокулук району

29.Кумушбеков Акылбек -0550416310 / Москва району

30.Нышанбаев Болот -0552302299 / Панфилов, Жайыл райондору

31.Байгазиев Алым -0555260914 / Ысык-Ата району, Кант шаары

32.Турумбеков Урматбек -0555830408 / Чүй, Кемин райондору, Токмок шаары

33.Кожобеков Эрнист -0706020316 / Аламүдүн району