Ажылык – 2024: РСК банкына баштапкы төлөм кабыл алуу токтотулду

Бүгүн, 7-октябрь саат: 13:00 гө карата 2025-жылдагы ажылыкка барууну каалаган жарандар баштапкы 2000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1200 сомун өлкө аймагындагы РСК банкынын («Элдик» банкы) филиалдарына төгүп, квота толгондуктан ажылыкка төлөм кабыл алуу жабылды.

Эми баштапкы 2000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1200 сомун РСК банкына төлөгөн талапкерлер каалаган аймактык операторлорго (жашаган аймагына карабастан) КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга баштапкы 2000 АКШ долларынын жана кайтарымсыз 1200 сомдун квитанциясын жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшырышат.

Талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага каттала алышпайт.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанга 6000 квота бөлүнгөн.