Алмазбек ажы Сагындыков: «Ислам дини боюнча маалыматтарды расмий имамдардан алуу керек»

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Алмазбек ажы Сагындыков Каракол шаарындагы И.Бийбосунов атындагы педагогикалык окуу жайына барып, лекция өттү. Иш-чарада Алмазбек ажы экстремизм-терроризмдин алдын-алуу, эрте куракта турмушка чыгуу, илим алуунун зарылдыгы, адеп, ыйман, баңги заттардын зыяндуулугу туурасында насаат айтты.

«Урматтуу илим алуучулар, азыркы ааламдашкан заманда ар кандай диний маалыматтар интернет желелеринде жайылып келет. Биз аларды аңдап, туурасын алуу үчүн алгач өзүбүздө диний маалымат болуусу кажет. Андыктан ислам дини тууралуу маалымат алыш керек болсо же суроолор болуп калса Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын расмий дин кызматкерлеринен маалымат алууңарды сунуштамакчымын. Ал эми, экстремизм-терроризм ислам динине таптакыр жат. Эч убакта мусулман террорист болбойт. Анткени Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Чыныгы мусулман бул колу менен да, тили менен да башка мусулмандарга зыян бербейт» деп айткан», – деди казынын орун басары.

Ал сөзүнүн акырында студенттердин окууларына ийгилик каалап, окуунун зарылдыгы белгилеп, акыл-насаатын айтты.

Аталган иш-чара казыяттын жылдык иш мерчемдеринин алкагында уюштурулуп жатат.