Алайда эскилиги жеткен мечит жаңыланууда

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков Сары-Могол айыл өкмөтүнө барып, эскилиги жеткендиктен жаңыланып жаткан «Молдо Жоро» мечитинин курулуш иштери менен таанышты.

«Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин тапшырмасы менен ар бир райондон абалы эң начар болгон мечитти тандап алып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүү тапшырмасы берилген. Ага ылайык эскилиги жеткен «Молдо Жоро» мечитинин имараты фонддордун жардамы менен жаңыдан курулуп жатат. Себепчи болгондорго жана демөөрчү болгон «Ас-Сафа» фондуна ыраазычылык билдиребиз», – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.

Ошондой эле Сары-Могол айылындагы башка мечиттерди да кыдырып, жергиликтүү имамдарга тазалыгын кароону жана шарттарын жакшыртууну эскертип, аткарылып жаткан жакшылык иштер үчүн айыл өкмөттүн жооптуу имамы Кубанычбек ажы Айтмаматовго ыраазычылык билдирди.