Жалал-Абад облусу боюнча алты пунктта ажылык базасына каттоо иштери жүрүп жатат

Жалал-Абад облусунун аймагында муфтияттын “Ажылык – 2025” электрондук базасына каттоо иштери боюнча алты аймакта операторлор кызуу иш алып барышууда. Соңку маалыматка ылайык, 2024-жылдын 8-октябрына карата облус аймагында 337 жарандын документтери толугу менен электрондук каттоодон өтүп, дагы каттоо иштери жүрүүдө.

Жалал-Абад казыятынан билдиришинче, КМДБ жетекчисинин №379 буйругунун негизинде Ажылык-2025 боюнча баштапкы төлөмдөрдү аткаруу, каттоо иштери боюнча жүрүп жатканда жараян менен Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Бакыт ажы Усманов, облус боюнча координатор Канатбек Мусурманкулов, Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев жеринен барып таанышып, эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Айта кетсек, өлкө аймагы боюнча ажылыкка барууну каалаган жарандар үчүн РСК банкына баштапкы төлөм төгүүгө кечээ, 7-октябрь күнү старт берилип, ушул эле күнү саат 13:00 гө карата квота толуп калгандыктан, төлөмдөрдү кабыл алуу жабылган.