Баткен: Бир катар дин кызматкерлери ыраазычылык кат менен сыйланды

Жол кыймылынын эрежелерин сакталышына, жол кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо багыттында аткарган жигердүү эмгеги үчүн Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Кадамжай районунун баш имам-хатиби Мухидин ажы Алматов жана Лейлек районунун баш имам-хатиби Кубатбек Абдугапар уулу Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББгы тарабынан ыраазычылык кат менен сыйланды.

Сыйлыкты Баткен ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери, милициянын майору Караев Сабыржан Тажимаматович тапшырып, дин кызматкерлерине жума күндөрү мечиттерде жол эрежелери боюнча баяндарды жеткиргендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мындан ары да тыгыз активдүү кызматташуу болорун белгилеп өттү.