Ош шаарында ДОЖдордун көчмө семинары старт алды

Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын уюштуруусу менен 2024-2025-окуу жылына карата Ош шаарындагы “Умму Мухаммад” медресесинде көчмө семинар өтүп, ачык сабак жана класстан тышкаркы иш-чарада окуу жайлардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча талкуу уюштурулду. Иш-чарага казыят кызматкерлери, балдар диний окуу жайларынын мүдүрлөрү, окутуучулары жана студенттер катышты.

Ошондой эле тажвид сабагынан ачык сабак болуп, сабактан соң мүдүрлөр жана окутуучулар арасында окуу жайлар арасында билим сапатын жогорулатуу боюнча ой-пикирлер айтылды.

Ачык сабакка катышкандар класстан тышкаркы иш-чараны “эң жакшы” деп баалашты.

Эске салсак, бардык диний окуу жайлар арасында көчмө семинарды уюштуруу КМДБнын жетекчиси тарабынан демилгеленип, 2024-2025-окуу жылына карата көчмө семинарлар өтүүдө. Көчмө семинардын негизги максаты окутуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу, инновациялык жана интерактивдик ыкма аркылуу сабак өтүүнүн усулдарын жайылтуу болуп саналат.