Кара-Суудагы «Абу Ханифа» медресесинин студенттерине тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иши жүргүзүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов жана укук коргоо органдары «Абу Ханифа» медресесинин студенттери менен жолугушуп, аларга тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

«Жаштык кезде кызуу кандуулукка алдырбай, акыл-эс менен бүт ой-пикирди илим алууга багыттагыла. Албетте илим алууда адеп өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгилеп өтүү керек. «Адеби жок жигит жүгөнү жок аттай» демекчи, адепсиздик адамдын даражасын төмөндөтөт», – деди баш имам-хатиб Исак ажы Юнусов.

Айта кетсек, кечээ 8-октябрь күнү Ош облустук казыятында жалпы ДОЖ мүдүрлөрүнө чукул жыйын өткөрүлүп, берилген тапшырмалардын ичинде окуу жайда ички тартипти жөнгө салуу да айтылган.