Муфтиятта активист айымдар менен жолугушуу өттү

Бүгүн, 10-октябрь күнү Муфтияттын конференция залында активист айымдар менен жолугушуу өткөрүлдү. КМДБнын үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштешүү бөлүмү тарабынан уюштурулган отурумга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, үгүт-насаат жаштар жана аялдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, бөлүм адистери Шерикбек ажы Карабек уулу, Мурзакул кары Осмонов жана борбор калаадагы активист айымдар катышты.

«Ислам дини аялзатынын даражасын абдан бийикке көтөргөн. Аялдар эч баркталбаган каардуу жана караңгы доордо адамзатка жарык чакан Ислам маданияты бизге Хадижа, Аиша сыяктуу үлгүлүү энелерди берди. Ыйык Куранда Ниса – «Аялдар» аттуу сүрө бар. «Бейиш энелердин таманынын алдында» деген пайгамбарыбыз (с.а.в.) аялзатын хрусталга салыштырганын баарыбыз билебиз. Мунун баары ислам дининин аялзатына көргөн камкордугу катары бааласак болот», – деген Азирети Муфтий: «Үй-бүлөдө аялзатынын орду кандай маанилүү болсо, коомдо да ошондой маанилүү. Мусулман аялзаты билимдүү, адептүү, туура нуктагы диний билимге ээ болсо, коом да оңолот. Анткени коомду энелер тарбиялайт», – деди өз сөзүндө.

Жыйында үй-бүлө институтун бекемдөө, жаштарды турмушка даярдоо, үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулукка жол бербөө, ата-энени урматтоо, туура нуктагы диний билим алуунун зарылдыгы, билим берүү мекемелеринде тарбиялык сааттарды өтүү, ар кандай агымдарга азгырылгандар менен иштешүү, Муфтияттын көзөмөлү менен региондорго агартуу кербендерин уюштуруу, айымдарга психологиялык көмөк көрсөтүүнүн зарылдыгы боюнча талкуулар уюштурулуп, биргеликте иш алып баруу чечими кабыл алынды.

Иш-чара соңунда дин жолундагы активист айымдар КМДБ жетекчилигине суроо беришип, жооп алышты.