ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине мекенди сүйүү жана ага адилеттүү кызмат кылуу боюнча баяндамалар жасалды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине мекенди сүйүү жана ага адилеттүү кызмат кылуу боюнча баяндама жасады. Иш-чарага ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Ратбек Турусбеков жана аалым Эрмек Тынай уулу катышып, кызматкерге салттуу исламдын концепциясын, экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологиясын, мекен үчүн кызмат өтөөнүн соопчулуктарын кеңири форматта айтып беришти.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в) өз хадисинде “Мекенди сүйүү-ыймандан” деген. Бул сөздү сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в) бекеринен айткан эмес, анткени инсан болгондон кийин мекенибизди сүйүп, ага татыктуу кызмат өтөшүбүз милдеттүү. Биз мекенди сөз менен эмес, колубуздан келишинче ага акы кызмат, жасаган ишибиз менен жан үрөп, талыкпай кызмат кылалы. Биз сиздерден болгон эли-жерин коргогон баатырларыбыз менен сыймыктанабыз»,-деди КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы.

Аталган саамалык 3 күнгө созулуп, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери дин аалымдарына ыраазычылыктарын айтышты.