Абибилла ажы Кадырбердиев КР ИИМдин ЖКККББ тарабынан Ыраазычылык кат менен сыйланды

Кечээ, 11-октябрь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков тарабынан тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазылык кат менен сыйланды.

Бул сыйлык дин кызматкерлери менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын биргеликте коомчулук арасында жол кыймылынын эрежелерин сактоо, жол кырсыктарын алдын алуу жана аны болтурбоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө салым кошкондугу үчүн берилгендигин ЖКККББдан билдиришти.

Ал эми облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев бул сыйлык облус аймагындагы жалпы имамдар үчүн берилгендигин айтып, дин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө активдүү экендигин белгилеп өттү.

«Жол коопсуздугу тууралуу КМДБнын бирдиктүү жума хутбасынын темаларында да камтылган. Андан сырткары жол коопсуздук кызматы менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жума баянынын акыркы беш мүнөтүндө бир канча жолу айтылган. Ошол себептен улам бул сыйлык ар бир мечит имамы үчүн деп эсептейм. Кудайга шүгүр, имамдарыбыз жакшылык иштерге чакырып, жамандыктан кайтаруучу түшүндүрүү иштеринде өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келет», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.