«Апиза эне» ислам институтунун студенттерине укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иши жүргүзүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы “Апиза эне” ислам институтунда «Укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү» аттуу түшүндүрүү иши болуп өттү.

Жыйынга “Апиза эне” ислам институтунун ректору Абдирашит ажы Батыров, Кара-Суу РИИБдин ЭММКАКтын жетекчиси, милициянын майору Эсен Ашимов, институттун мугалимдери жана студенттери катышты. Жыйындын негизги максаты студенттерди ар түрдүү укук бузуулардан алыс болууга чакыруу болду.

Иш-чарада алгач Кара-Суу РИИБдин ЭММКАКтын жетекчиси, милициянын майору Эсен Ашимов сөз алып студенттерге кылмыштуулук, Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза кодекси жөнүндө толук маалымат берип, ачууга алдыруу менен ар кандай чарасыз натыйжаларга дуушар болуп калуу коркунучу жөнүндө сөз кылды. Ошондой эле ал студенттерге ар дайым тастыкталган, мамлекеттик органдар тарабынан уруксат берилген, каттоодон өткөн мекемелерден гана диний билим алыш керек экендигин баса белгиледи.

Ал эми институттун ректору А. Батыров студенттерди биримдикке чакырып, күчтүүлүк илим алууда жарышуу менен гана болорун айтты.