Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби мектеп окуучуларына лекция өттү

Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылынын М.Тынаев орто мектебинде жогорку класстын окуучуларына лекция окуду. Лекция экстремизм, радикализм жана терроризмдин алдын алуу, зордук-зомбулуктун зыяндуулугу, окуучулар арасындагы рэкетчиликке багытталып, балдарга тарбиялык маселе айтылды.

«Урматтуу окуучулар, ислам дини – тынчтыктын дини. Мусулман адам эч качан террорист болуп эсептелбейт. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) ааламдарга мээрим катары жиберилген. Куранда Алла Таала: «Чындыгында сен улуу кулк-мүнөз ээсисиң» деп Пайгамбарыбызды мактаган. Мусулмандар Пайгамбарды ээрчиген коом катары кечиримдүү, мээримдүү жана эң жакшы мүнөздө болуубуз зарыл болот. Силердин азыркы учурдагы эң негизги максатыңар окуу гана болсун! Элибизде жакшы сөз бар: «Билимдүү жетет муратка, билимсиз калат уятка». Билимдүү инсан өзүнүн каалаган максатына жете алат. Билимге умтулгула!» – деди баш имам-хатиб.

Жыйында адеп-ахлак, мугалимди урматтоо, окууга көңүл буруу, динди туура багыттардан үйрөнүү, улууларга урмат, кичүүлөргө ызат тууралуу насааттар айтылды.