«Аиша-Сыддык» кыздар медресесинде кезектеги көчмө жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 16-октябрь күнү “Аиша-Сыддык” кыздар медресесинде Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген диний окуу жайлар арасында адатка айланган көчмө семинар болуп өттү. Диний окуу жайлардагы мугалимдердин сабак берүү чеберчилигин өстүрүү, жоопкерчиликти күчөтүү, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын жайылтуу максатында Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген 4-айлампа көчмө семинар Жалал-Абад шаарындагы жайгашкан «Аиша-Сыддык» кыздар медресесинде уюштурулду.

Семинарга Жалал-Абад казыятынын окуу адиси Н. Рустамбек уулу, мечит адиси А. Жороев, облус аймагындагы бардык диний окуу жайлардагы араб тили сабагынан берген мугалимдер, уюштуруучулар  жана аталган окуу жайдын студенттери катышты.

Ачык сабак араб тили сабагы боюнча инновациялык усулда өтүлсө, “Бактылуулук дооруна саякат” деген тематиканын алкагында класстан тышкаркы сабак уюштурулду. Ачык сабакта окуучулар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтсө, класстан тышкаркы иште, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Класстан тышкаркы иште саламдашуу, кроссворд, көркөм окуу, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өмүр баянынан сахналашкан көрүнүш, логикалык суроо-жооптор рубрикалары камтылган.

Иш-чаранын соңунда мугалимдер ачык сабакка жана класстан тышкаркы иштин өтүлүшүнө анализ беришип, кемчиликтерди жана жетишкендиктерди айтышты. Муну менен катар сабакты жакшыртуу максатында сунуштарын беришип, иш-чаранын жүрүшү тууралуу сунуш-пикирлерин билдиришти. Ал эми көчмө семинардын жыйынтыгында ачык сабакка “эң жакшы”, класстан тышкаркы иштин өтүлүшүнө “эң мыкты” деген баа берилди.

Айта кетсек, ДОЖдордогу мындай иш-чаралар Азирети Муфтийдин тапшырмасы менен өтүүдө.