Хива: “Ислам – тынчтыктын жана жакшылыктын дини” аттуу эл аралык конференция уланууда

Бүгүн, 16-октябрда Хива шаарындагы “Фаровон Хива” мейманканасында “Ислам – тынчтыктын жана жакшылыктын дини” аттуу эл аралык конференциянын 2-күнү уланды.

Учурда Хива шаарында “Өзбекстан – улуу цивилизациялардын кесилиши” аталшындагы секция кызуу жүрүп жатат.

Абройлуу иш-чаранын экинчи күнүндө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Франция жана Мароккодон келген Азирети Муфтийлер, диний ишмерлер, белгилүү аалымдар жана эксперттер актуалдуу лекцияларга катышып, ойлорун ортого салышууда.

Айта кетсек, аталган конференцияга Кыргызстан тараптан Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар делегациясы чакырылган.