Бир катар дин кызматкерлери Баткен районунун жана шаарынын атайын төш белгиси менен сыйланды

Үстүбүздөгү жылдын 19-20-октябрь күндөрү Баткен шаарында өткөн республикалык Куран жарышынын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдүшүкүр ажы Нарматов  жана Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Баткен районунун 90 жылдыгы жана Баткен шаарынын 25 жылдыгы төш белгиси менен сыйланды.

Аталган сыйлыктарды Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Баткен шаардык мэриясынын өкүлү Мансурбек Маматисаев тапшырып, дин аалымдарынын орду өлкө биримдиги үчүн чоң экенин баса белгилеп өттү.