Үстүбүздөгү жылдын 5-12-октябрь күндөрү Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурда 64-жолку дүйнөлүк Куран жарышы өткөрүлдү. Малайзиянын дин иштерин өркүндөтүү министрлигинин (JAKIM) билдирмесине таянсак, жарыш Куранды толук жаттоо жана кооз окуу боюнча категорияларда уюштурулган. Аталган кароо-сынакка Кыргызстандын атынан катышып келген Марям Абдирайимованы жана аны коштоп барган атасы, Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаевди кепке тарттык.
— Ассаламу алейкум ва рохматуллохи ва барокатух. Жакында эле Малайзияда өткөн Дүйнөлүк Куран жарышына катышып келдиңиздер. Самидин устаз, бул конкурска кантип катышып калдыңыздар?
— Ва алейкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатуху. Алгач жарыяны көрүп эле кызым катышып көрсөмбү деген ниетин билдирди. Албетте, колдойм дедим. Кызым ошол дүйнөлүк Куран жарышка катышуу үчүн арыз таштап, онлайн тандоо туру этабынан өтүп кетти. Арадан көп өтпөй чакыруу келди. 16 га эми эле толгон кызыбызды дүйнөлүк жарышта колдоп-сүрөп туралы деп келинчегим Динара экөөбүз коштоп барып келдик.
— Бул конкурстун өзгөчөлүгү эмнеде экен?
— Конкурстун өзгөчөлүгү аталган жарышка ар бир катышуучу өзүнүн улуттук кийимин кийип катышат экен. Биз талапка ылайык үкү топу, тебетей, чыптама сыяктуу атайын улуттук форма менен бардык. Барарыбыз менен кыргыз улуттук кийими өзгөчөлөнүп, баарынын кызыгуусун жаратты. Куран саамалыгын өлкө премьер-министри Анвар Ибрахим ачып, дүйнөнүн 90 го чукул өлкөлөрүнөн ат алышкан карыларга ийгилик кааласа, жабылышына султан өзү катышты. Уюштуруу иштери да абдан жогорку деңгээлде жолго коюлуптур. Организаторлордон суранып даярдыктар, форматтар, декорация менен жеринен таанышып, тажрыйба алып келдик. Бул эми мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара болуп жатпайбы. Эл абдан көп катышты. Ал тургай чет өлкөлөрдөн Куран конкурсун көрүү үчүн келишет экен. Арасында биздин коңшулаш өлкөлөрдөн баргандарды да көрдүк. Малайзия үй ээси болгондуктан, алардын катышуучулары конкурска абдан катуу даярданат экен. Дагы бир өзгөчөлүгү түшкө чейин Куранды толук жаттагандар күч сынашса, түштөн кийин кооз окугандар таймашты. Ар бир конкурсант Куран окуп жатканда экрандан ошол аят арабча, малайча, анан англисче чыгып турат экен. Катышуучу окуп бүткөн соң аалымдар чыгып, аяттын маани-маңызын, тафсирин айтып турду.
— Эми сөз кезегин Кыргызстандын атынан катышып келген Марьям Абирайимовага узатсак. Учурда Мисир өлкөсүнүн баш калаасы Каирде Куран жаа араб тили боюнча илим алып жатат экенсиз. Бул конкурска кандай даярдандыңыз? Канча убакыт даярдык көрдүңүз?
— Мен кичине кезимден ушундай чоң саамалыктарга катышып көргүм келчү. Ошондуктан ар убак Алла Таалага дуба кылып, тилек кылчумун. Кудайым дубамды орундатып, Куала-Лумпурга катышуу насип болду. Алгач электрондук арыз калтырып, конкурстун онлайн этаптарынан өттүк. Ошентип Алланын каалоосу менен барып калдык.
— Конкурс башталарда кандай сезимдер болду?
— Башында абдан кыжаалат болуп, стресске кабылдым. Анткени биринчи жарышым болчу. Анын үстүнө эми гана 17 ге чыгып жатам да. Жеңилдик, береке бер деп Жаратканга тынбай жалбарып жаттым. Бирок конкурс башталган бардык кыжаалатчылыктар, түпөйүлдүктөр жок болуп кетти. Ал жактагы катышуулар ортосунда бир туугандык атмосфера жаралып, бири-бирибизди колдоп, сүрөөнгө алып турдук. Бул да абдан чоң нерсе экен. Азырга чейин байланышып турабыз.
— Кандай жыйынтык болду?
— 90 го жакын өлкөнүн ичинен 11-орун болду. Албетте, дүйнөлүк аренага катышуу, тажрыйба ашыруу, жаңы досторду табуу мен үчүн зор жеңиш болду деп айта алам.
— Конкурстун негизги өзгөчөлүгү деп улуттук кийим менен катышуу болду деп жогоруда айтып өттүңүздөр. Чет элде улуттук кийимдер менен жүрүү кандай болду?
— Катышуучулардын баары эле, «формаң абдан сонун экен», «кайсыл өлкөдөн келдиң?», «азырга чейин ушундай кийим киесиңерби?» деген суроолор абдан көп берилди. Сүрөткө түшүп алууну сурангандар андан көп болду. Абдан суктанышты. Мен өзүмдүн улуттук кийимдерим менен абдан сыймыктандым. Ушундай кооз кийимдерди мурас калтырып кеткен ата-бабабызга абдан ыраазы болуп, ыракмат айттым.
— Самидин карыке, 90 го жакын мамлекеттин ичинен 11-орунду алуу албетте чоң жетишкендик. Бул да оңойго турбаса керек.
— Ооба, конкурс оор болду. Жарышка чоң-чоң окуу жайларда Курандан сабак берген профессор, докторлор, белдүү устазалар ат салышты. Мына ушундай жалаң мыктылар ат салышкан конкурста кызыбыз эң жаш конкурсант болгонуна карабай, алдыңкы орундарга ээ болгону бизди ата-эне катары абдан кубантты.
— Сүрөттөрдөн сиздин дагы ак калпагыңыз менен жүргөнүңүздү көрдүк.
— Ооба. Мен дээрлик бардык учурда калпак менен жүрүүгө аракет кылам. Ал жакта дагы улуттук кийимдерге абдан урмат көрсөтүшөт экен. Башка өлкөлөрдүн улуттук өзгөчөлүктөрүнө да урмат көрсөтүшөт экен. Биз барган күндөн тарта эле малай элдери суктанып жатышты. Анан конкурс жыйынтыкталганда падыша эркек карыларды, ал эми малика (падышанын аялы. – ред.) кыз-келиндерди сыйлап, эстеликке сүрөткө түшөт экен. Ал ошончо кыз-келиндин ичинен кызыма суктанып, «кайсыл элден келдиң?» деп кыскача аңгемелешип, атайын сүрөткө түшкөнү өтө жагымдуу болду. Биз жарышта биринчи орунду албасак дагы, улуттук кийим боюнча биринчини ээледик окшойт. Анткени Марямдын сүрөтү шаардагы лед-экрандардан чыгып, жаңылыктардын негизги беттерине жайгашып жатты.
— Малай элине кандай баа бердиңиз.
— Малай эли өздөрүнүн улуттук баалуулуктарына абдан катуу көңүл бурушат экен. Ошондой эле ар дайым жылмайып жүрүшөрүн байкадым. Пайгамбарыбыздын «жылмаюу да садага» деген хадисине амал кылышат тура. Анан дагы бир өзгөчөлүк, алар өздөрүнүн Мекенин, мамлекетин, мамлекеттик атрибуттарын, мамлекеттик жетекчилерин абдан сыйлап турушары көңүлдү бурду. Өздөрүнүн гана эмес, өзгөлөрдүн мамлекеттик символикаларына да сый-урмат кылышары өзгөчө таасир калтырды.
— Эми суроонун нугун өзгөртөлү. Марям бийкеч, Самидин кары кандай ата?
— Атам абдан мыкты ата. Дүйнө таанымы кенен, терең көз караштагы инсан. Кайсы бир маселеде локалдык гана эмес, глобалдык деңгээлде ой жүгүрткөнү жагат. Дайыма китеп окууга үндөп турат. Үйдө исламий баалуулуктар менен бирге улуттук дөөлөттөр кошо алып кетебиз. Атам бизди ар убак колдоп келет.
— Самидин устаз, сиздин уул-кыздарыңыз абдан таланттуу, билимдүү, тарбиялуу экенин билебиз? Сиз кандай тарбия бересиз?
— Биз биринчи кезекте балдардын адебине, тарбиясына, ата-эне, бир туугандары, колу-коңшуларына болгон мамилесине көңүл бурабыз. Үйдө ислам тарбиясына басым жасалат. Ошону менен биргеликте улуттук өзгөчөлүктөрүбүзгө да зор маани беребиз. Үйдө комуз, көөкөр, чанач сыяктуу улуттук мурастар орун алган. Балдарыма Кыргызстанды түптөгөн улуу мамлекеттик ишмерлер, акын-жазуучулар жана чыгармалары, тарыхый эмгектерди окугула деп сунуш айтып, кээде китеп окуп берем. Келинчегим да бала тарбиясына абдан көңүл буруп, балдарымдын Куран жатташына, аны менен катар мектепте жакшы окушуна шарт түзүп келет. Ошондуктан балдарыбыз мектептеги окууга, маданий иш-чараларга абдан активдүү катышат. Мен ар убак балдарыма мектепти сыйлоого, мугалимди урматтоого үндөйм. Анткени мугалимди сыйлаганда гана билим жугат.
— Балдарыңыздын эмнесине маани бересиздер?
— Балдар эмнеге кызыгат, эмнеден канаат алат, кимдерди кумир тутат, ошол маселелерге маани беребиз. Тазалыкка абдан катуу көңүл бурулат. Анткени дин тазалыктын үстүнө курулган эмеспи. Ошондой эле Куранга, Куран илимдерине, илим-билимге өзгөчө көңүл бурулат. Негизги азыр шарттуу түрдө шарияттык илимдер, дүйнөлүк илимдер деп бөлөт эмеспизби. Акыйтта илим Алланыкы. Ошондуктан үйдө дүйнөбий илимдер да окулат. Дүйнөлүк илимдерди жакшы билген адам Куран акыйкатын аңдайт.
— Чакырыгыбызга жок дебей, көл кылаасынан келип, маек куруп бергениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Бар болуңуздар.
Маектешкен: Максат Атабаев