Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылында жайгашкан «Ат Башы эт комбинаты» ишканасы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын «Халал» сертификатын алды.
КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу комбинатты жеринен текшерип, ишкана жамаатына исламдагы адал маселеси боюнча лекция окуду. Аталган ишкананын директору Русланбек Өмүралиев имарат заманбап шарттар менен курулганын айтып, эл кызматына сунушталган ишкана шарият талаптарын толук сакташарын кошумчалады.
Айта кетсек, аталган ишкана мал союу кызматын көрсөтөт. Мында жылкы, уй жана топоз этинен консервалар да даярдалат.