Бүгүн, 22-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Куала-Лумпурда өткөн 64-жолку Дүйнөлүк Куран жарышынын катышуучусу Марям Абдираимованын атасы Самидин кары Атабаевди кабыл алды. Кабыл алуунун жүрүшүндө Азирети Муфтий мыкты хафизаны тарбиялап өстүргөнү үчүн ыраазычылык билдирип, муфтияттын атынан ыраазычылык кат жана атайын белек тапшырып жатып буларга токтолду:
«Аллага миң мертебе шүгүрлөр болсун, күнөстүү Кыргызстаныбызда аалым-карыларыбыз көп. Эгемен тарыхыбызга кылчайсак, Зияуддин кары, Абдулла кары, Махамадали кары, Мухаммадияр карыларыбыз Куран боюнча дүйнөлүк аренага чыгып, өлкөбүздү планетанын булуң-бурчуна тааныткан эле. Азыр ислам дүйнөсүндө кайрадан Кыргыстандын аты дүңгүрөдү. Бул жолу Малайзияда өткөн жарышта кыз-келиндер боюнча 17 жаштагы кызыбыз Марям өзгөчөлөндү. Кызыбыз Куранды мукам окуусу менен гана эмес, улуттук кийими менен да баарын суктантып келди. Кыз-келиндер боюнча мындай ийгиликке жетишүүнүн өзү тарых», – деди Азирети Муфтий.
Ал өз сөзүндө Муфтият карыларды колдоого ар дайым даяр экенин билдирип, жаш муун Куран тарбиясы менен эрежеге жетсе, эки дүйнөсү үчүн тең пайдалуу болорун баса белгиледи. Ал эми Самидин кары Атабаев атайын кабыл алганы үчүн Азирети Муфтийге терең ыраазычылык билдирип, анын иштерине Жараткандан береке жана ийгиликтерди каалады.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-12-октябрь күндөрү Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурда 64-жолку дүйнөлүк Куран жарышы өткөрүлгөн. Малайзиянын дин иштерин өркүндөтүү министрлигинин (JAKIM) билдирмесине таянсак, жарыш Куранды толук жаттоо жана кооз окуу боюнча 2 категорияда уюштурулган. Аталган кароо-сынакка Кыргызстандын атынан Марям Абдирайимова катышып, 11-орунду ээлеген. Кыргыз хафизасы Марям учурда Мисир мамлекетинде Куран жана араб тили боюнча билим алат. Аны коштоп барган атасы Самидин кары Атабаев учурда Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы болуп үзүрлүү эмгектенип келет.