Абибилла ажы Кадырбердиев Кара-Кулжа районунун борбордук мечитинин курулуш иштеринен кабар алды

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери Абдималик ажы Турсунбеков, Сулайман ажы Шерматов жана Алибек Акпарали уулу Кара-Кулжа районуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында райондун борбордук мечитинин курулуш иштеринен кабар алды.

«Райондун борбордук мечитинин жаңылануусуна себепчи болуп жаткандардан Аллахым ыраазы болсун. Өзгөчө демөөрчүлөр алыстан эмес, жергиликтүү эр-азаматтар экендиги баарыбызды кубантты. Эл-журттун ибадат кылуусу үчүн ыңгайлуу шарттары менен заманбап мечит салууну баштоо чоң эрдик болуу менен бирге чоң сооп да болот. Анткени адам баласы бул дүйнөдөн кайтыш болгондо артынан үзгүлтүксүз сообу жетип туруучу амалдардын бири садака-и жария болуп саналат. Ошону менен бирге жергиликтүү тургундардын усталар үчүн тамак-аш жана башка колдоолору үчүн ыраазылык», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ошондой эле райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев сыйымдуулугу 2000ге жакын адамды камтый турган жаңы курулуп жаткан борбордук мечитти курууда бардык коопсуздук чаралары талапка ылайык болуп, тиешелүү иш кагаздары да жоопкерчилик менен каралып жаткандыгын билдирди.