Өзгөн: Билим берүү уюмдарында адеп-ахлакка багытталган лекциялар окулат

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондогу Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев менен жолугушуп, мектеп окуучуларына адеп-ахлак темаларынын алкагында лекцияларды уюштуруу боюнча макулдашты.

«Биз, расмий дин кызматкери катары, мамлекеттик мыйзамдарды сактоо менен мектеп жана жогорку окуу жайларда адеп-ахлак темаларынын алкагында лекцияларды уюштуруудан алдын тиешелүү кызматтар менен макулдашабыз. Алардын сап башында Билим берүү бөлүмү болуп саналат. Ошондой эле ДИМК жана укук коргоо кызматтары бар. Албетте ар бир диний маалыматты берүү ачык-айкын болуусу жакшы. Буйруса райондогу мектеп окуучулары менен лекцияларды уюштуруу боюнча сиздер менен биргеликте график түзүп, тыгыз иш алып барабыз деген ишеничтебиз», – деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.