Азирети Муфтий ыйык Медина мечитинин имамы шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейрди «Манас» аэропортунан тосуп алды

Бүгүн, 24-октябрь күнү ыйык Медина мечитинин имамы Шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейрди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров жана Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради тосуп алышты.

Салтанаттуу саамалыкка Азирети Муфтийдин орун басарлары жана КМДБнын жетекчилик курамы катышты.

«Эки ыйык мечиттин имамы» аттуу атактуу наамга ээ имам шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейрдин  программасы төмөнкүчө.

Программа:

24-октябрь

18:20 Бишкек шаарындагы Кимсанбай ажы атындагы (эски борбордук) мечитинде шам намазын окуйт.

19:50- 20:30 Бишкек шаарындагы Махмуд Кашгари мечитинде куптан намазын окуйт.

25-октябрь

12.00 – 14.00 Бишкек шаарынын башкы борбордук имам Сарахсий мечитинде жума намазын окуйт.

18:20- 19:00 Бишкек шаарындагы «7 апрель шейиттер» мечитинде шам намазын окуйт.

19:50 – 20:30 Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы «Сатук Буурахан» мечитинде куптан намазын окуйт.

26-октябрь

18:20- 19:00 Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы Аблиз ажы Салимов мечитинде Куптан намазын окуйт.