Абибилла ажы Кадырбердиев: «Медреседе КМДБ бекиткен окуу программасындагы диний адабияттар гана болушу керек»

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери Абдималик ажы Турсунбеков, Сулайман ажы Шерматов жана Алибек Акпарали уулу Өзгөн районундагы «Хайриниса» медресесине барып, диний адабияттарды текшерүүдөн чыккан жыйынтыктан улам, медреседе акыйда сабагын өтүү убактылуу токтотулду.

«КМДБ тарабынан бекитилген окуу программасында көрсөтүлгөн диний адабияттардан башка уруксаты жок китептер медреседе болбошу керек. Өзгөчө акыйда багытындагы китептерге каттуу көңүл бурулат. Сиздер колдонуп жаткан акыйда китеби окуу программасында жок болгондуктан, студенттерге акыйда боюнча сабак берүүчү мыкты адис табылганга чейин медреседе акыйда сабагы убактылуу токтотулсун», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Айта кетсек, учурда Ош облустук казыяты КМДБ жетекчисинин тапшырмасы менен облус аймагындагы диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү, окуу программасы жана колдонулуп жаткан диний адабияттар, тайпалык журналдар, финансылык маселелери жана имараттагы түзүлгөн шарттар боюнча кыдыруу иштери жүрүп жатат.