Ош шаарында Конфессиялар аралык кеңештин кезектеги жыйыны уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы тууралуу», «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө», «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө», «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу жана «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыктарын аткаруу алкагында, ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы, мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгына 35 жылдыгына байланыштуу 2024-жылдын 24-октябрында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Ош шаардык мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте Конфессиялар аралык кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, конфессиялар жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, радикалдык жана экстремисттик көрүнүштөргө каршы туруу, жаштардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө салым кошуу, ыксыз ысырапкорчулукка жол бербөө, мүрзөдөгү эстелик тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо, мамлекеттик тил, иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тилге басым жасоо жана диний уюмдардын ичиндеги көрнөк-жарнактарды тартипке келтирүү маселелери боюнча тиешелүү адистер баяндамаларды жасашып, бул маселелер кызуу талкууланып, катышуучулар тарабынан сунуш-пикирлер айтылды.

Кеңеште мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы кайрымдуулук, гуманитардык, тынчтыкты камсыздоо, социалдык маселелерди чечүү боюнча тыгыз кызматташтык мындан ары да ийгиликтүү улантылары баса белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаары жана Ош облусу боюнча конфессиялар аралык кеңештин төрагасы болуп облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев дайындалды.

Айта кетсек, Ош шаары жана Ош облусу боюнча Конфессиялар аралык кеңеш КР ДИМК тарабынан диний уюмдардын өз ара мамилелерин чыңдоо, мамлекеттик башкаруу органдары менен конфессиялардын ортосунда иштиктүү кызматташтыкты орнотуу максатында 2021-жылы түзүлгөн.