Шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр борбордук мечитти зыярат кылды

Кечээ, 24-октябрь күнү «Масжидин-Набави» мечитинин имам-хатиби, Медина шаарынын имамы шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр Кыргызстанга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы борбордук мечитти зыярат кылып, жамаат менен биргеликте шам намазын окуду.

Ардактуу конокту Азирети Муфтийдин орун басарлары Мухаммед ажы Аноркулов, Асан ажы Сыргабаев, Жолдош ажы Абдылдаев жана Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов тосуп алып, аталган мечиттеги 24/7 саат Куран окуу самаалыгы менен тааныштырышты.

Куран саамалагына жеринен күбө болуп, тилават кылып, үзгүлтүксүз Куран окуу долбооруна жогору баа берген имам куптан намазын борбор калаадагы «Махмуд Кашгари» мечитинде окуп, жамаат менен амандашты.

Айта кетсек, шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр бүгүн Кыргызстанга келип, Муфтиятты зыярат кылып, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров менен жолугушкан. Жолугушууда аль-Будейрге Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жогорку даражалуу «Насыйкат» медалы ыйгарылды.

«Пайгамбар мечитинин» имамы аль-Будейрдин бүгүнкү жана эртеңки мечит жамааттары менен жолугушуу графиги:

25-октябрь

12:00 – 14:00 Бишкек шаарынын башкы «Имам Сарахсий» мечитинде жума намазын окуйт.

18:20 – 19:00 Бишкек шаарындагы «7 апрель шейиттер» мечитинде шам намазын окуйт.

19:50 – 20:30 Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы «Сатук Буурахан» мечитинде куптан намазын окуйт.

26-октябрь

18:20 – 19:00 Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы Аблиз ажы Салимов мечитинде куптан намазын окуйт.