Дастан ажы Мамаев Кара-Кулжа райондук администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланды

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев КР президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ 54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын райондун аймагында турмушка ашыруудагы жасап жаткан эмгектери жана ислам дининин баалуулуктарын жайылтууга, элдин адеп-ахлагын көтөрүүгө кошкон салымы үчүн Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тарабынан Ардак грамота менен сыйланды.

Аталган сыйлыкты райондун акими Дамир Кулубаев өзү тапшырып, Дастан ажы Мамаевдин иштерине ийгилик каалады.

Баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев бул сыйлык жалпы имамдардын эмгеги экендигин белгилеп өттү.

«Өлкө боюнча жалпы дин кызматкерлери ысырапкорчулукка жол бербөө үчүн тынымсыз аракеттерди көрүп келүүдө. Бүгүнкү бул Ардак грамота райондогу имамдар менен биргеликте жасаган түшүндүрүү иштери үчүн берилди деп эсептейм», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.