Умарали ажы Муратов Араван райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жакып Мамажанов менен жолугушту

Ош облусуна караштуу Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов Араван райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жакып Мамажанов менен жолугушуп, мектептерде экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча лекцияларды уюштуруу боюнча сунуштарын айтты.

«Жаш өспүрүмдөр ар кандай нерселерге көп кызыккандыктан, бир нерсеге берилсе, баш оту менен кирип кетүүсү мүмкүн. «Жаш бутак тез ийилет» демекчи, жаштарыбыз туура эмес багытка бурулуп кетпеши үчүн аларга туура маалыматтарды жеткирүү керек. Райондогу мектептерде экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча лекцияларды уюштуруп, аларга дасыккан мыкты имамдарыбыз барып, макулдашылган темалардын алкагында баяндамасын жасаса», – деген сунушун айтты баш имам-хатиб Умарали ажы Муратов.

Ал эми райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жакып Мамажанов бул сунушту колдоого алаарын билдирип, мектеп окуучуларына адеп-ахлак, мугалимди сыйлоо, ата-энени урматтоо жана илим алууга кызыктыруучу темалар боюнча көбүрөөк баяндама жасоо керектигин баса белгиледи.