Борбор калаада ЖОЖ студенттерине профилактикалык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекетинин комитети жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, ошондой эле И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери жана окутуучуларына профилактикалык иштер өткөрүлдү.

Катышуучуларга экстремизм, терроризмдин алдын алуу, диний негиздеги чыр-чатактарды болтурбоо, жаштардын диний жактан радикалдашуусунун себептери, динде аша чабуунун кесепети, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдар, алардын жаштарды азгыруу ыкмалары, тыюу салынган адабияттар, улуттар жана диндер аралык кастыкты козуткан кылмыштардын жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча профилактикалык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.