Таласта мамлекеттик мыйзам жана салттуу ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу курсу башталды

Бүгүн, 30-октябрь күнү КР ДИМК, КМДБ жана «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргеликте «Мамлекеттик мыйзам жана салттуу ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу» аталышындагы имамдардын окуу курсу башталды. Аталган окуу курска Талас облусундагы райондун баш имам хатибдери жана 16 айыл аймактын имамдары катышты. Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев окуу семинарын ачып берип, салттуу дин түшүнүгү жана фикх илиминен сабак өттү.

Андан соң Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талас облусундагы өкүлү Темирлан Нурадилов диний концепция, диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты жүргүзүүнүн негиздери боюнча кеңири тушундүрмө берди.

Аталган окуу курс Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын кеңсесинде уюштурулуп, Куран илими, фикх, ишеним илими (акыйда) сабактары өтүлмөкчү.