Өзгөн районунда жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун маданият үйүндө жергиликтүү эл менен жолугушуу уюштурулуп, анда Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Ош облустук мамлекеттик администрациясынан Хамидулла Исмаилов, ДИМК ТАБынан Акматбек Оморов, Өзгөн районунун акиминин орун басары Максатбек Ибраимов жана Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакировдор баяндама жасашты.

Жолугушууда Акжол ажы Бакиров хатибияттын тарыхы, райондо эмгектенип кеткен баш имам-хатибдер жөнүндө жана өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча элге маалымат берип өттү.

Ал эми облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымдарга жол бербөө, той-аштардагы ысырапкорчулуктун алдын алуу, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, зордук-зомбулукка каршы күрөшү үчүн мектептерде лекцияларды уюштуруу жана бала тарбиясына жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

«Облус аймагындагы райондордун баш имам-хатибдери райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчылары менен жолугушуп, мектептерде экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, зордук зомбулукка каршы күрөшү, мугалимди сыйлоо, ата-энени урматтоо жана адеп-ахлак темаларынын алкагында лекцияларды уюштуруу боюнча макулдашуулар болуп жатат. Буйруса темалар такталып, график түзүлгөн соң, тиешелүү кызматтар менен макулдашып, ИИМдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте мектеп окуучуларына лекциялар уюштурулат. Албетте бул жаштардын адеп-ахлагы, жүрүм-турумун жакшыртуу максатында болуп саналат. Бирок бул иште ата-энелер да өз салымын кошуусу керек. Анткени «Балапан уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат» дегкендей, сиздерден үлгү алышат. Балага эң жакшы тарбия – бул ата-эненин түз жүрүм-туруму экендигин унутпаңыздар», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Айта кетсек, аталган жолугушууга Ноокат, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай районунун баш имам-хатибдери да келип катышты. Алдыда 6-ноябрь күнү Чоң-Алай районунда жергиликтүү эл менен жолугушуу болуп өтөт. Буга чейин бул иш-чара Ноокат жана Кара-Суу районунда уюштурулган.