Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери Абдималик ажы Турсунбеков, Сулайман ажы Шерматов, Алибек Акпарали уулу жана Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусовдор болуп Кара-Суу районунун аймагындагы «Нур-Ислам», «Салман Фарсий», «Мариям эне», «Имам Мухаммад», «Юлдашбай ажы» жана «Имам Матуридий» диний окуу жайларын кыдырып, бир канча тапшырмаларды берди.
Кыдырууда төмөнкү маселелерге көңүл бурулду:
— Имараттын тазалыгы жана түзүлгөн шарттары;
— Диний адабияттардын окуу программасына дал келүүсү;
— КМДБ тарабынан берилген бирдиктүү тайпалык журналдарын колдонулуусу;
— Финансылык маселелери;
— Студенттердин жана мугалимдердин өздүк делосу.
«КМДБ тарабынан берилген окуу программасында көрсөтүлгөн диний адабияттардан башка уруксаты жок китептер медресесинин китепканасында турбасын. Программадагы китептерден сырткары кошумча колдонуу булагы катары китеп пайдалануу керек болсо, ал китептин КМДБ тарабынан берилген уруксаты болуусу керек», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.
Диний окуу жай жетекчилерине жогоруда аталган маселелер боюнча табылган кемчиликтерин жоюуга тиешелүү тапшырмалар берилип, аткарылуусу үчүн бир жумалык мөөнөт берилди.